Согуштун жана эмгектин, Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин уюмунун төрагасы Тарас Токомбаев дүйнө салды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 10-февралда Аалы Токомбаевдин үй-музейинин директору Рахат Абдыкеева билдирди. Анын айтымында, Тарас Токомбаев 9-февралда кечке жуук каза болгон. "Эч жери ооруган эмес, жөн гана үйүнө сырттан кирип келип эле кулап түшүп турбай калган. Эртең сөөгү жерге берилет",- деди Абдыкеева.
Учурда уюштуруу комитети түзүлдү.
Тарас Токомбаев 1930-жылы 5-июлда төрөлгөн. Ал залкар акын Аалы Токомбаевдин уулу.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Тарас Токомбаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.