Кечээ Бишкектин Ак-Жар конушунда 2 жаштагы бала катуу оорудан улам каза болду. Окуя болгон жерге дарыгерлерди кошуналары чакырышкан. Бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына "Тез жардам" кызматынын оперативдүү бөлүмүнүн башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев бала кусуп, көгөрүп кеткенин айтты. Баланын сасык тумоодон каза болгону аныкталган эмес. Так диагноз коюу үчүн дарыгерлер сөөктү экспертизадан өткөрүүгө багыт беришкен. Ал эми укук коргоо органдары 2 жаштагы баланын өлүмү боюнча арыз түшпөгөндүктөн, иликтөө жүргүзүлө электигин билдиришти.
Айрым маалымат булактары баланын апасы Орусияда, атасы жумушчу болуп иштеп келгенин жазышты. Балага кошуналары да көз салып турушкан. Анын көп ооруп, тамак жебей арыктап кеткени жана ата-энеси бул көрүнүшкө шалаакы мамиле кылганы маалымдалды.