Быйыл дыйкандарга күйүүчү май 3 сомго арзан сатылат. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда маалымат жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназар Бекбоев билдирди. Анын айтымында, айыл чарба тармагына керектүү болгон 40,5 миң тонна күйүүчү май алуу боюнча меморандум КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен түзүлдү.
"Түзүлгөн келишимге ылайык, 2015-жылга караганда быйыл дыйкандарга күйүүчү май 3 сомго чейин арзан баада сатылат. Ал эми 2013-2014-жылдарга салыштырмалуу күйүүчү майга болгон баа 8-10 сомго арзандаганын байкаса болот. Муну менен катар дыйкандар биригип 2 миң литрден ашык күйүүчү май сатып алышса, ага болгон баа дагы 2 сом 40 тыйынга арзандайт. Дыйкандар атайын май куюучу жайлардан сатып алышса, баа 40 тыйынга төмөн болот",- деди министр.