Кечээ, 9-февралда кечке маал Бишкек шаарынын Казаков көчөсүнүн тургунунан "Тез жардам" кызматына кайрылуу түшкөн. "Тез жардамдын" кызматкерлери барган учурда 28 жаштагы келин өз алдынча төрөп, колунун кан тамырын кесип алган. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматынын оперативдүү бөлүмүнүн башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев SUPER.KG порталына билдирди.
"Кызматкерлер барган учурда келиндин толгоосу башталып, өз алдынча төрөп койгон. Ымыркайдын абалы жакшы. Азыр эне-бала борбордогу №6-төрөт үйүндө. Келиндин айтымында, толгоо маалындагы чыдаткыс оорудан улам колунун кан тамырын кесип алган",- дейт Абдылдаев.