Чүйдөгү төрөт үйүндө бир эне жана эки ымыркай каза болду. Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Маалыматты 10-февралда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Белгилүү болгондой, төрөт үйүндө эки аял көз жарган. Алардын биринин баласы энесинин курсагында эле өлүү экени маалым болуп, дарыгерлер аны төрөтүшкөн. Аялдын жатыны жарылып кетип, кан басымы жогорулап түшпөй койгон. Мындан улам ымыркайдын энеси да жан берген.
Ал эми экинчи аял 41 жумалык кош бойлуулугу учурунда толгоосу жок болгондуктан төрөтканага келген. Дарыгерлер толгоону чакыруу үчүн атайын гель сүйкөшкөн, бирок толгоо жок болуп, баланын жүрөгү сокпой калганы аныкталган. Кийин бала энесинин курсагында киндигине эки жолу оролуп, мындан улам тумчугуп калганы белгилүү болгон. Экинчи ымыркай дагы өлүү төрөлүп, анын колу-бутунда оролгондун белгиси калган. Ата-энеси сөөктү экспертизага бербей ооруканадан чыгарып кеткен.