Аксы районунда өтүп жаткан митингге 300дөй адам катышууда. Бул тууралуу жаш активист, митингдин уюштуруучуларынын бири Камчыбек уулу Шекербек SUPER.KG порталына кабарлады.
"Митингге аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 300дөй гана адам катышууда. Митингге чыккандар менен жолугушууга Социалдык өнүгүү министрлигинин, Социалдык фонддун төрагасынын, облус башчысынын орун басарлары жана Аксы районунун акими келди",- дейт активист.
Камчыбек уулу Шекербектин айтымында, митингге чыккандардын негизги талаптары төмөнкүлөр:
- Социалдык фондго болгон төлөмдүн жогорулашын жокко чыгарып, мурунку баасын калтыруу;
- Жөлөк пулдун өлчөмүн кыскартпай, жаш балдардын жөлөк пулуна кол салбоо;
- Электр энергия тармагындагы 700 киловатт чектөөнү алып салып, баасын 77 тыйын боюнча калтыруу;
- Аксы району чек арада жайгашкандыктан, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечүүнү тездетүү;
- 2016-жылы 1-февралда күчүнө кирген камсыздандыруунун токтомун жокко чыгаруу.