Быйыл Таласта 1300 гектардан ашык жерге төө буурчактын ордуна кант кызылчасы эгилет

Быйыл Таласта 1354 гектар жерге төө буурчактын ордуна кант кызылчасы эгилет. Муну бүгүн, 10-февралда маалымат жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназар Бекбоев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим былтыр Талас облусундагы төө буурчактын баасынын төмөн болгонунан улам кабыл алынган.

Кант кызылчасына болгон коротуулар мурда 1 тоннасына 1500 сомду талап кылса, учурда бул сумма 624 сомго азайтылды. Ошондой эле Чүй облусунда быйыл 8500 гектарга кант кызылчасын себели деп жатабыз. Жалпысынан өлкө боюнча бул көлөмдү 10 500 гектарга чейин чыгарабыз деген пландар коюлган”,- деди Бекбоев.

Министрдин айтымында, быйыл Өзбекстандан 140 миң тонна жер семирткич алуу боюнча келишимге кол коюлду. Ага ылайык, дыйкандарга азот 16 сом 50 тыйындын жана карбамид 19 сомдун тегерегиндеги баада сатылат. Келишим боюнча жер семирткичтер 11-февралдан баштап келе баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан