Парламенттин 4-февралдагы жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаев айрым куудулдарга сын айтып, "маданият өкүлдөрү элди бөлүп-жарып жатат" деп сотко берерин билдирген. Куудул Тынар Курбаналиев депутаттын айткан сөзүнө жооп катары SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди:
"Эч нерсеге түшүнбөгөн, тамаша эмне тууралуу, ыр эмне тууралуу айтылганын түшүнбөгөн депутаттын деңгээлине түшкүм келбейт. Ал жерде бир дагы "түндүк-түштүк", "алкаш", "наркоман" деген сөз жок экенин ырды уккан, окуган адамдар - баары көрүп-билип жатышат. Бул жерде "түндүк-түштүк" деген сөз Мискенбаевдин оозунан чыккан",- дейт Курбаналиев.
Ал эми Мискенбаевдин сотко берүү оюна куудул, тескерисинче, аны сотко берерин кошумчалады.
"Тескерисинче, айтылбаган сөздү айтты деп, куру жалаа жаап, элге жаман көргөзгөндүгү үчүн биз аны сотко беребиз. Кечээ Борончу байке "балдар телефон чалып "Тынар менен Рахмандын энесин таанытабыз" дешти" деп айтты. Бул дагы Мискенбаевдин кылганы, мына ушинтип элди бири-бирине тукуруп жатат",- деген куудул депутатка: "Жолдош Мискенбаев, эгерде эртең же бүрсүгүнү бизге же биздин айланабыздагы жакын адамдарыбызга бир нерсе болсо, түздөн-түз сизди күнөөлүү деп эсептейм",- деп кайрылды.