Бүгүн, 10-февралда жааган карга байланыштуу Ош шаарынын жолдорун кардан тазалоого "Ош-Тазалык" ишканасынын 4 техникасы жана 200дөй жумушчусу тартылды. Жолдорду кардан арылтуу жумуштары таңкы саат 05:00дө башталган. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Талант Капаров билдирди.
"Техникалар жол четине үйүлүп калган карларды сүрүп, тазалап кетсе, көчө шыпырган жумушчулар жол четин, тротуарларды тазалап, айдоочулардын жана жашоочулардын жолдо жүрүүсүнө ылайыктап беришти. Ишкана кызматкерлери нөөмөткө туруп, жолдордун абалына көз салып турушат. Кар бат эле эрип кеткендиги үчүн туз себүүгө муктаждык болгон жок",- деди Капаров.
Эртең да жолдор кардан тазалана турганын айтты. "Эртеңкиге да 3 трактор, 2 жүк жүктөөчү техника жана 8 самосвал даяр. Эгер жолдорго муз тоңуп, айдоочуларга тайгалакта ыңгайсыздык жарала турган болсо, түнү менен туз сээп чыкканга даяр турабыз",- деп кошумалады ал.