Парламент акыйкатчынын орун басарын кызматтан бошотту

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңеш акыйкатчынын орун басары Мухтар Кожошевди кызматтан бошотту. Добуш берүүдө мындай чечимге 88 депутат макул, 21 депутат каршы болушту. Депутат Галина Скрипкинанын айтымында, М.Кожошевди кызматтан бошотуу маселеси жаңы акыйкатчы шайланганына байланыштуу көтөрүлдү.

Айта кетсек, 2015-жылдын 30-декабрында парламент өлкөнүн акыйкатчысы кызматына Кубат Оторбаевди шайлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан