Аксыдагы митингде коюлган талаптардын аткарылышына 10 күн мөөнөт берилди. Бул тууралуу активист Шекербек Камчыбек уулу SUPER.KG порталына кабарлады.
"Социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Күйкеев жана Аксы районунун акими Медет Айдаралиев митингдин катышуучуларынын талаптарын угушту. Алар өкмөткө биздин талаптарды жеткирүү убадасын беришти. Коюлган талаптардын чечилишине 10 күн мөөнөт бердик",- дейт Шекербек Камчыбек уулу.
Эгерде айтылган талаптар аткарылбаса, жергиликтүү тургундар кайрадан 20-февралда чогулушарын жана ал митингге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевди, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековду жана 6 фракциянын лидерлерин чакырууну айтып тарашканы белгилүү болду.