Лицензиялоо боюнча 100 эксперт сертификатка ээ болду

Бүгүн, 10-февралда билим берүү жана илим министринин орун басары Нурмамат Эсенкулов лицензиялоо боюнча окутуу семинар-тренингден өткөн биринчи 100 экспертке сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Билим берүү министрлиги лицензиялоо боюнча иш жүргүзүүнүн жаңы форматына өтүүдө. Келечекте билим берүү тармагында иш алып барууну экспертизадан өткөрүү үчүн сертификат алган адистер гана тартылышат”,- деп белгиледи министрдин орун басары Нурмамат Эсенкулов.

Эскерте кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги 2015-жылдын 23-24-декабрында билим берүү тармагындагылар үчүн “Билим берүү ишмердигин лицензиялоо: көйгөйлөр жана перспективалар” аттуу темада окутуучу семинарларды өткөргөн. Семинардын катышуучулары үч секция боюнча иш алып барышып, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик, мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү тармактарын лицензиялоо жана сапатын камсыздоо маселелерин карап чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан