Депутаттар ломбард ишин мыйзам аркылуу жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты

Жогорку Кеңеште өлкө аймагындагы ломбард ишин мамлекеттик жөнгө салууга багытталган "Ломбарддардын иши жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын төрагасы Санжар Муканбетовдун айтымында, өлкөдө ломбард иши лицензиялык уруксат алуу аркылуу жүргүзүлүп келип, кийин мындай талап жоюлуп кеткендиктен, ал Жарандык кодекс аркылуу жөнгө салынып калган. Ломбард тармагында азыр талаш-тартыштар арбын. Алардын баарын Жарандык кодекс аркылуу жөнгө салуу мүмкүн эмес.

"Ломбард иши мамлекеттик жөнгө салуу алкагынан сырткары калбаш керек. Ошондон улам аны мамлекеттик жөнгө салуу максатында атайын мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мында ломбард ишин уюштуруу тартиби менен ыраатташтыруу чаралары толугу менен камтылды", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан