Бажы кызматынын өкүлү: "ЕАЭБ өлкөбүзгө кирген товарлардын салыгын төлөөгө жеңилдик берген"

Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кошулгандан кийин өлкөбүзгө кирген товарлардын салыгын 50 күндөн кийин төлөөгө уруксат берилген. Муну 10-февралда “Манас” Эл аралык аэропортунун Бажы көзөмөл башкармалыгынын башчысынын орун басары Кубаныч Жунусов журналисттерге билдирди.

“ЕАЭБге киргенден кийин бажы системи электрондоштурулган. Иш жеңилдеп, кардарлар бажы текшерүүлөрсүз эле расмий баракчасында жүгүнүн санын, салмагын туура каттатып, фитосанитариядан алынган маалым кат менен жүгүн алып кетүүгө уруксат болгон. Ар бир жүктү кароого каттоо кызматкерлери 15-20 мүнөт кетиришет. Ал эми бизге кирген товарлардын расмий баракчасы менен текшерип киргизгенге уруксат берилет. Алар өз товарларын 50 күндүн ичинде сатып, салыгын төлөсө болот. Бул да жеңилдетүүнүн бир фактору. Биримдикке кошулгандан кийин Орусия өлкөсүнүн жардамы аркылуу ар түрдүү техникалык жабдуулар менен камсыз болдук. Мисалга алсак, суюктукту жана зер буюмдарын кайсы заттан жасалганын аныктаган аппараттар келди”,- деди Жунусов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан