Мектептерде опузалоо фактыларын тез арада аныктоо үчүн видеокөзөмөлдөөчү камераларды орнотуу жөнүндө долбоор иштелип жатат

Акыйкатчы Кубат Оторбаев билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева менен жолугушту. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы кабарлагандай, анда өзгөчө көңүл республиканын мектептериндеги окуу процесстерин уюштурууга, рэкеттик фактылардын болушуна жана окуучуларды окуу материалдары менен камсыздоонун абалына бурулду.

Сариева учурда министрлик тарабынан бардык мектепке чейин, мектеп мекемелеринде опузалоо, кол көтөрүү фактыларын тез арада аныктоо үчүн видеокөзөмөлдөөчү камераларды орнотуу жөнүндө долбоор иштелип жаткандыгы жөнүндө маалымат берди. Жолугушуунун аягында тараптар адамдардын эркиндигин жана укуктарын коргоодо өз ара эки тараптуу ачык кызматташуу, бирге инспекция жана мониторинг өткөрүүгө даяр экенин билдиришти.

Эске салсак, 2011-жылы “Зомбулуксуз мектеп” долбооруна 40 355 окуучу катышып, 38 мектепте ишке ашып, долбоор 2015-жылы аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан