Баткенде милициянын аймактык тескөөчүлөрү 2015-жылдагы иши тууралуу айыл тургундарынын алдында отчёт беришүүдө. 9-февралда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашым Тагаев Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушууга катышып, аталган айылды караган аймактык тескөөчүнүн маалыматын укту.
Облустук милициянын башчысы тескөөчүнүн маалыматына канааттанбаганын айтса, жергиликтүү жашоочулар: "Биздин аймактык тескөөчү арыз-даттанууларыбызды өз убагында чечет, балким, ал эл алдына чыгып сүйлөгөндө сүрдөгөндүр",- деп билдиришкенин Баткен ОИИБинен кабарлашты. Мындан кийин Тагаев: "Милиция тартиптүүлүктү жалгыз өзү сактай албайт, сиздер бизге жакындан жардам берсеңиздер гана тартиптүүлүк бекемделет",- деп билдирди.
Маалыматка таянсак, Көк-Таш айылы Баткен районунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан, аянты 2428 чарчы метр. Тажикстандын Майское, Чорку, Ходжо-Альо айылдары менен чектешет.