2015-жылдын ноябрь айында Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандарга Беларусь жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Беларусь Республикасынын Министрлер кеңеши кыргыз жергесине жардам көрсөтүүнү чечип, жыйынтыгында бүгүн, 10-февралда Ош шаарына гуманитардык жүк жеткирилди. Анын жалпы көлөмү 10 тоннаны түзүп, өзүнө жүндөн токулган 3000 даана одеяло жана 30 орундуу 20 комплект чатырды камтыйт.
ӨКМ белгилегендей, бул гуманитардык жүк өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда калкка керектүү жардам көрсөтүү үчүн пайдаланылат.