Бишкектин четиндеги Ак-Жар конушунда каза болгон 2 жашар бала жетиштүү үй-бүлөлүк шартта жашаган. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты. Баланын 2004-жылы жана 2007-жылы туулган бир туугандары бар.
Апасы быйыл 2-февралда Орусияга иштегени кеткен, баласынын каза болгонун угуп кайра Бишкекке жолго чыкканы белгилүү болду. Балдар өз үйүндө атасынын кароосунда болгон. Атасы уулу алсыз болуп төрөлгөнүн, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, маал-маалы менен дарыланып жүргөнүн айтууда. Каза болордун алдында сасык тумоологон. Кечинде уктаган бала эртең менен ойгонбой калганын билдирди министрлик.