"Жеткиликтүү турак жай" программасынын алкагында билим берүү мекемелеринин кызматкерлери төмөндөтүлгөн пайыздык төлөм менен насыя ала алышат

Кечээ, 10-февралда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билим берүү кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дайындалган "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга Билим берүү жана илим министрлигинин адистери, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ЖОЖдордун ректорлору, колледждердин башчылары жана мугалимдик-окутуучулук курам катышты.

Бактыгүл Жээнбаева программага төмөнкү критерийлерге жооп берген кызматкерлер гана катыша аларын айтты:

"Турак жай үчүн ипотеканы насыяны алып жаткан кезинде 21 жашта болгон бюджеттик мекемелерде иштеген жарандардан баштап насыяны толук төлөп бүткөн учурда 65 жашта боло тургандар ала алышат. Учурда иштеп жаткан жерде 1 жылдан, бардык иш тажрыйбасы 3 жылдан төмөн болбошу шарт. Ошондой эле жеткиликтүү турак жайды алуу үчүн бул насыя мамлекеттик же коомдук милдетин, аскер кызматынан, адамдын өмүрүн сактоодо, коомдук тартипти сактоодо каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган, көп балалуу үй-бүлөлөргө берилет".

Бактыгүл Жээнбаева катышуучуларга башка да бир нече талап бар экенин кошумчалады. Катышуучулардын өзүнүн турак жайы жок же турак жайын чоңойтуу зарылчылыгы бар болушу керек. Кыймылсыз мүлк менен акыркы 3 жыл жарандык келишими болбогон, банктын талаптарына жооп берген финансылык мүлкү бар болушу шарт.
Ипотека боюнча баштапкы акы төлөм насыянын 10 пайызына барабар же андан жогору болот. Эгер алгачкы акы төлөм 10-20 пайыз болсо, жылдык пайыздык төлөм 14 пайыз болот, 20-30 пайыз болсо, 13 пайыз, 30 пайыздан жогору болсо, 12 пайыздык төлөм менен берилет. Насыяны 15 жылда жаап бүтүрүү керек. Ошондой эле насыя алуучунун буга чейин терс насыя окуясы болбой, кепилдик берүүчүсү бар болушу зарыл. Ипотека менен алынган турак жай сөзсүз түрдө камсыздандыруудан өтүшү керек. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, сатылып алынып жаткан турак жайдын аянты 70 чарчы метрден, жер үйдүкү 150 чарчы метрден ашпашы зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан