Кыргыз жергесинин мусулмандарынын дин башкармалыгы облустук казыяттардын басма сөз катчылары үчүн семинар уюштурууда

Кыргыз жергесинин мусулмандарынын дин башкармалыгы облустук казыяттардын басма сөз катчылары үчүн журналистика жана маалымат даярдоого үйрөтүүчү 3 күндүк семинар уюштурууда. Ал 11-февралдан 13-февралга чейин болмокчу. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалым болгондой, семинардын жүрүшүнө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү өздөрүнүн тажрыйбаларынан бөлүшүү менен биргеликте маалымат даярдоодогу оперативдүүлүк жагын дагы үйрөтүшөт. Ошондой эле экстремизм, терроризмдин алдын алууда макалаларга көңүл буруу жана үйрөтүлгөн маалыматтарды башкы имам-хатибдерге жеткирүү жаатындагы бир катар пикирлер талкууланат.

Иш-чара 2014-2020-жылдарга карата КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын жана Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу максатында уюштурулууда. Семинардын катышуучуларына 3 күндүк окууну аяктагандыгы үчүн атайын сертификаттар тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан