Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан аскердик техникалар алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.
Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында толук комплекттүү БТР-70М соот транспорту жана БТРдин механик-айдоочуларын интерактивдүү окутуу үчүн компьютердик жабдыктар тапшырылды.
Эскерте кетсек, Орусия тараптан кыргыз жергесине көрсөтүлүп жаткан аскердик-техникалык жардамдар мамлекеттер ортосундагы келишимдерге ылайык жүргүзүлүп жатат. Орусия тарап аскердик-техникалык жардам багытында биздин республикага соот танк техникаларын, запастагы бөлүктөрү менен артиллериялык системдерди жана ар түрдүү аткыч куралдардын ок-дарыларын кайтарымсыз негизде тапшырган.