Парламентте чет элдик авиакомпанияларга көзөмөлдү күчөтүү сунушталды

Парламенттин 11-февралдагы жыйынында депутаттар авиабилеттер кымбат болуп жатканын айтышты. Депутат Алиярбек Абжалиев өлкөдөгү чет элдик авиакомпанияларды өкмөт көзөмөлдөшү керектигин айтып, буларды билдирди: "Өзүбүздүн авиакомпанияларды бир нерсе болсо эле баса калабыз. А бирок чет элдик компаниялар каалаганын кылып жатышат. Билетти кааласа 4 миң, кааласа 7 миң кылып коюшат. Буга өкмөт тараптан көзөмөл болушу шарт".

Депутат күйүүчү майдын арзандабай жатканын да айтты. "Дүйнөдө мунай арзандап, көптөгөн өлкөлөрдө бензиндин баасы түштү. Бизде негедир арзандабай жатат",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан