12-февралда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Эл жазуучусу, көрүнүктүү драматург, акын, котормочу жана адабиятчы Мырзабек Тойбаевдин 80 жылдыгына арналган "Көп кырдуу талант" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти.
Маалым болгондой, көргөзмөдө драматургдун бардык китептери, гезит-журналдык публикациялар, интервьюлар, ал жөнүндөгү ой-пикирлер, макалалар, ар түрдүү экспозициялар, фотодокументтер орун алган. Иш-чарага коомдук ишмерлер, маданий, илимий кызматкерлер, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, туугандары катышышат.
Айта кетсек, Мырзабек Тойбаевдин чыгармачылык зор эмгеги жогору бааланып, Т.Абдумомунов,
А.Токомбаев атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты, "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу" наамы ыйгарылган. "Манас-1000" эстелик медалы, бир нече Ардак грамоталар менен сыйланган.