Социалдык фондго төлөмдөрдүн кымбатташына Чоң-Алай районунун тургундары нааразы. Муну парламенттин 11-февралдагы жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди. Депутат жергиликтүү жашоочулар "Кара-Казык" алтын кенин иштеткен кытайлык "Кайди" компаниясынын ишине да нааразы экенин айтты.
"Аталган кендин тийиштүү түрдө мамлекетке пайдасы тийбей, экологияга зыян болуп жатыптыр. Компаниянын ишинде ачык-айкындык жок. Компанияга да бардым, албетте, алар айтылган дооматтарга макул эмес. Жергиликтүү бийлик кендин ачыктыгын камсыздап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Ишкана экономикага кандай салым кошуп жатат, кандай социалдык мекемелер курулууда, булардан элдин маалыматы болушу шарт",- деди депутат.
Акаев Алай районуна караштуу Сары-Моңол айылында жүздөн ашык адам пенсияга чыга албай жатканын айтып: "Жылуу-жумшак жерде отуруп алардын көйгөйүн билбей калбайлы, өкмөт өкүлдөрү барып ошол айылда бир апта жашап көрүшсүн, түшүнүшөт",- деди.