Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу келишими 2016-жылдын 9-августунда толук күчүн жоготот. Парламенттин 11-февралдагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев келишимди жокко чыгаруу ишин аяктоого шашылбоону сунуштады.
"Азыркы учурда депутаттык комиссия иштеп жатат. Келишимдин 14-беренесинде белгиленген, келишимдин токтотулушу тууралуу Тышкы иштер министрлиги жазуу тууралуу билдиргенден кийин 6 айдан кийин документ күчүн жоготот. Быйыл 9-августка чейин эки тарап аудит жүргүзөт. Биз текшерүүлөр бүткөндөн кийин гана корутунду чыгарышыбыз керек",- деди Рыспаев.
Депутат кыргыз өлкөсүндө чет элдик жарандар тарабынан ачылган телеканалдарды көзөмөлдөө керектигин да айтты. "Чет элдик жарандардын телеканалдары өлкөбүз тууралуу туура эмес маалымат берип, коомдук пикирди бурмалап жатышат. Телеканалдын логотиби менен кошо ошол өлкөнүн желеги көрсөтүлүшү шарт. Ошондо кимдин телеканалы экенин эл билмек",- дейт депутат.