Чүйдөгү төрөт үйүндөгү бир эне жана эки ымыркайдын өлүмү боюнча иликтөөнү вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева жеке көзөмөлүнө алганын өкмөттүк аппараттан билдиришти. Ошондой эле Кудайбердиева эне жана ымыркайлардын өлүмүнүн себебин бир күндө аныктап чыгууну саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге тапшырды. Батыралиев бүгүн кечинде бул окуя боюнча Кудайбердиевага жеткиликтүү маалымат берүүсү керек.
Белгилүү болгондой, 8-февралда Чүй облустук төрөт үйүндө эки аял көз жарган. Алардын биринин баласы энесинин курсагында эле өлүү экени маалым болуп, дарыгерлер аны төрөтүшкөн. Аялдын жатыны жарылып кетип, кан басымы жогорулап, түшпөй койгон. Мындан улам ымыркайдын энеси да жан берген.
Ал эми экинчи аял 41 жумалык кош бойлуулугу учурунда толгоосу жок болгондуктан төрөтканага келген. Дарыгерлер толгоону чакыруу үчүн атайын гель сүйкөшкөн, бирок толгоо жок болуп, баланын жүрөгү сокпой калганы аныкталган. Кийин бала энесинин курсагында киндигине эки жолу оролуп, мындан улам тумчугуп калганы белгилүү болгон. Экинчи ымыркай дагы өлүү төрөлүп, анын колу-бутунда оролгондун белгиси калган. Ата-энеси сөөктү экспертизага бербей ооруканадан чыгарып кеткен.