Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында депутат Екметкул Байпакбаев кыргыз-казак чек арасында кыргыз жарандарынын укуктары тебеленип жатканын айтты.
"Биздин жарандар кыргыз-казак чек арасынан өтүш үчүн узак кезек күтүүгө мажбур болушат. Эмнеге Тышкы иштер министрлигибиз, Чек ара кызматыбыз, миграция маселелери боюнча мекемебиз жарандарыбыздын маселесин чечпей жатат? Биз былтыр Евразиялык экономикалык биримдикке киргенбиз. Шарттар бирдей болуш керек, бирок Казакстандын жарандары кезекте турбай, тез-тез эле чек арадан өтүшүүдө. Кыргыз жарандарынын укуктары тебеленип жатат. Бул боюнча тиешелүү мекемелердин маалыматын угушубуз керек",- деп сунуштады депутат.