Алмазбек Атамбаев ички иштер министрине "кылмыш эч качан жазасыз калбайт" деген принципте иштөөнү сунуштады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-февралда ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алып, өлкө жетекчисине укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүү иштери, ички иштер органдарынын эффективдүүлүгүн арттыруу аракеттери тууралуу маалымат берилди.

Министр быйыл өлкөдө өтүүчү ири эл аралык иш-чараларда коомдук тартипти камсыздоо боюнча даярдыктын жүрүшүн айтты.

Президент өлкөдө укук тартибин камсыздоо, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо иштерин улантууну, кылмыш эч убакта жазасыз калбашы керек деген принципти бекем сактоо зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан