Кыргыз мамлекетинин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын согуш жана эмгек, Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун төрагасы Тарас Токомбаевди эскерүүдө. Өлкө жетекчилеринин 11-февралда жарыяланган некрологунда булар айтылат:
"2016-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын согуш жана эмгек, Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун төрагасы Токомбаев Тарас Аалыевич дүйнөдөн кайтты. Токомбаев Тарас Аалыевич өмүрүнүн көпчүлүк жылдарын Куралдуу күчтөрдө кызмат кылууга арнаган. 1952-жылдан тартып 1987-жылга чейин Токомбаев Т.А. чек ара жана ички аскерлерде ар кандай командалык кызматтарда эмгектенген.
1987-жылы ардактуу эс алууга чыккандан кийин Токомбаев Т.А. Кыргыз ССР ДОСААФ Үйүнүн директорлугуна дайындалган. 1989-жылдан тартып 2002-жылга чейин “Память” китебинин республикалык коллегиясынын төрагасынын орун басары жана жооптуу катчысы болгон. 2003-жылдан баштап ал “Память” китебинин республикалык коллегиясынын төрагасы эле. Мурдагы Советтер Союзунун элдеринин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы эрдигин жана кайратман эмгегин чагылдырган бул китепти чыгарууга Тарас Аалыевич зор салым кошту.
1995-жылы Токомбаев Т.А. Ардагерлердин республикалык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланган. 1997-жылы ал Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ардагерлер уюмдарынын Координациялык кеңешинин мүчөсү, ал эми 2000-жылдан тартып бул эл аралык коомдук уюмдун президиумунун мүчөсү болгон. 2001-жылы Кыргыз Республикасынын ардагерлер уюмунун 3-курултайында Токомбаев Т.А. Кыргыз Республикасынын согуш жана эмгек, Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун төрагалыгына шайланган.
Токомбаев Т.А. бийик адамгерчиликтүү, эмгекчил, чынчыл, март жана өз ишине берилген инсан болчу. Ал кыргыз элинин жана өз атасы – кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, легендарлуу Аалы Токомбаевдин татыктуу уулу эле.
Токомбаев Т.А. өз мекени үчүн күйүп-бышкан мекенчил инсан катары коомдук турмушка жигердүү катышып, жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоого чоң салым кошкон. Токомбаев Тарас Аалыевич Кызыл Жылдыз ордени, Даңк медалы, Орусия Федерациясынын "За заслуги" ордени, республиканын Жогорку Советинин үч Ардак грамотасы жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
Токомбаев Тарас Аалыевичтин жаркын элеси ар дайым биздин жүрөгүбүздө сакталып калат".
Атамбаев А.Ш., Жээнбеков А.Ш., Сариев Т.А., Токбаева А., Отунбаева Р.И., Ниязов Ф.А., Жумакадыров Т.К., Турсунбеков Ч.А., Бабанов Ө.Т., Исаев К.К., Төрөбаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Текебаев Ө.Ч., Марипов У.А., Табалдиев Б.Б., Карашев А.А., Панкратов О.М., Кудайбердиева Г.К., Капаров Ж.А., Момуналиев Н.С., Абдылдаев Э.Б., Турганбаев М.Т., Мамбеталиева Ж.Ж., Касымалиев А.А., Кожошев А.О., Бекбоев Т., Малабаев А.Ж., Боронов К.А., Сариева Э.К., Батыралиев Т.А., Максүтов А.А., Базарбаев К.Б., Сегизбаев А.К., Кенжисариев М.С., Сатыбалдиев М.Д., Дүйшөнбиев Р.С., Мамыркулов А.Б., Мамбеталиев Р., Орозбаев К. К., Субанов М., Саргазаков К.