Кубанычбек Кулматов: "Кызматтан үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кеттим, эми кайсы жерде иштээримди билбейм"

"Кызматтан үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кеттим",- деп билдирди Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматов бүгүн, 11-февралда журналисттер менен жолугушууда.
"Ордума калтырууга эч кимди даярдаган жокмун, бирок биздин командадагы кызматкерлердин баары калып, иштеп жатышат. Жаңы мэр ким болорун Жогорку Кеңештин депутаттары чечишет. Мындан ары кайсы жерде иштээримди билбейм”,- дейт Кулматов.
Экс-мэр: "Мага берилген мөөнөттө жумушумду так жана баарын туура жасап кеттим деп айта алам",- деп кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан