Премьер-министр: "Күнөскана курган дыйкандар 1 гектар жеринен жылына 5 миллион сом таап жатышат"

Өлкөдө ири күнөскана курган дыйкандар 1 гектар жеринен жылына 5 миллион сом таап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди.

"Чүйдө бир дыйкан 700 миң долларга ири күнөскана салыптыр. Ал чыгашаларды 2,5-3 жылда актадым дейт. Түштүктө болсо жеңил, арзан жолун табышыптыр. Ири күнөсканага болгону 270 миң сом кетет экен. Учурда темир жана плёнка арзандады. 2 жылда акталып жатат. Мисалы, Нариманга барганымда бир дыйкан бир жыл ичинде 2 түшүм аларын айтты. Күнөскана кургандар жылына 5 миллион сом таап жатышат. Насыяларды төлөп бүткөндө дыйкандар кирешелерди толугу менен өз чөнтөктөрүнө сала башташат",- деди Сариев.

Мындан тышкары премьер-министр былтыр өлкөнүн аймагында 740ка жакын күнөскана (аянты 1 гектардан чоң) курулганын айтып, быйыл бул санды миңден жогорулатуу пландалып жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан