Мамлекеттик кызматкерлерди ипотекалык турак жай менен камсыздоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алдында Коомдук байкоочу кеңеш түзүү зарыл. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында билдирди.
"Ипотекалык турак жайга ээ болуу шарты баарына эле мүмкүнчүлүк бере бербейт. Мисалы, мугалимдердин каржылык абалы кыйын. Ошентсе да ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу жүрүмүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, анын башка максатта пайдаланылышына жол бербөө үчүн Коомдук байкоочу кеңеш түзүлсө туура болмок",- дейт депутат.