Орто-Токой суу сактагычы 770 миллион метр кубга чейин суу топтоого жөндөмдүү

Нарындагы Орто-Токой суу сактагычы 770 миллион метр кубга чейин суу топтоого жөндөмдүү. Муну парламенттин 11-февралдагы жыйынында айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев билдирди. Быйыл анда 414 миллион метр куб суу топтолгонун, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 85 миллион метр кубга көп экени айтылды.

Премьер-министр Темир Сариев казак тарап менен сууну бөлүшүү жана аны сарамжалдуу пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, аларга ашыкча суу берилбей турганын белгиледи.

Жыйында депутат Мыктыбек Абдылдаев: "Орто-Токой жана Көк-Жар суу сактагычтарында кыш бою суу топтолуп, жаз башталар замат жок болот. Мунун себеби эмнеде? Суу каякка кетүүдө же Казакстанга ашыкча суу берилип жатабы?"- деген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан