Бүгүн Тарас Токомбаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө, атасы Аалы Токомбаевдин жанына коюлду

Бүгүн залкар акын Аалы Токомбаевдин уулу Тарас Токомбаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 11-февралда Аалы Токомбаевдин үй-музейинин директору Рахат Абдыкеева кабарлады.

"Бүгүн саат 11лер чамасында Аалы Токомбаевдин үй-музейинин алдында Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин уюмунун төрагасы Тарас Токомбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Коштошууга вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, КРнын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү, мэрдин милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулова, ветерандар жана жакындары келишти. Тарас Токомбаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө, атасы Аалы Токомбаевдин жанына коюлду",- дейт Рахат Абдыкеева.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын согуш жана эмгек, Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун төрагасы Тарас Токомбаев дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан