Борбор калаада энеси 3 уулунан баш тартып, атасы балдарын бага албастыгын айтып, аларды кароосуз калган балдардын борборуна таштап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун директору Алексей Петрушевский билдирди.
"Үч бир туугандын энеси балдардан баш тартып, тиешелүү арызын жазып койгон экен. Ал арызы каттоодон да өткөнү маалым. Ал эми балдардын атасы А.Эрмек биздин борборго 29-январда кайрылып, жашоосунун оор шарттарынан улам балдарын бага албастыгын билдирип арыз жазып, аларды 6 ай убакытка таштап кетти. Азыр биздин мекемеде баш калкалап жаткан бир туугандардын эң улуусу Марлис 8 жашта, Эмилис 5 жашта, ал эми Эржан 3 жашта. Алар медициналык кароодон өтүп, ден соолуктары жакшы экени аныкталды. Биздин кызматкерлер тарабынан тиешелүү жардам жана колдоо көрсөтүлүүдө",- деди Петрушевский.