Учурда иттерди каттап, күбөлүк берүү боюнча 95,7 пайыз менен Чүй облусу алдынкы орунда

Эхинококкоз ылаңына каршы кабыл алынган стратегиялык планды ишке ашыруу максатында Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын 2015-жылдагы 4-мартта жарыяланган №029-буйругунун негизинде иттерди каттоо жана дегельминтизациялоо
иш-чараларынын жыйынтыгын аталган инспекция жарыялады.

Учурда иттерди каттап, күбөлүк берүү боюнча 95,7 пайыз менен Чүй облусу алдынкы орунда болсо, акыркы орунда 2 пайыз менен Ош шаары турат. Экинчи орунда Ош облусу 54,8 пайыз менен, үчүнчүдө 49,2 пайыз менен Ысык-Көл облусу турат.

2016-жылга иттерди дегельминтизациялоо иш-чараларын жүргүзүү максатында Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция Айыл чарба долбоорун ишке ашыруу бөлүмү менен меморандум кабыл алды. Үстүбүздөгү жылдын 3-февралындагы №23-буйругунун негизинде план жана тийиштүү иш кагаздар бекитилип, аймактарга жиберилди.

Андан сырткары 2015-жылы каттоодон жана дегельминтизациядан өткөн иттерге жеке менчик ветеринардык адистеринин эмгек акысын төлөп берүү максатында Айыл чарба долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн адистери менен биргеликте бирдиктүү иш кагаздар иштелип чыкты. Долбоордун алкагында 2016-жылга 4 миллион “Азинокс” таблеткасын сатып алууга тендер өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Enjoy.kg
2016-02-11 19:25:52
Бишкек,Аламедин-1де аябай кочо иттери кобойуп кетти,жок кылса жакшы эле,топ-топ болуп чупкап журушот.
0
murat_12
2016-02-12 00:00:00
аныда бир кун биро эшеке окшотуп союп тарататып берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан