Жылдын аягына чейин Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 16 миллион документ электрондоштурулат

Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин экинчи планын жана "Архивдик материалдарды электрондоштуруу" концепциясын ишке ашыруу максатында 2016-жыл Мамлекеттик каттоо кызматынын ичинде "Электрондоштуруу жылы" деп аталды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Электрондоштуруунун негизги максаты - мамлекеттик тейлөөдө бюрокартияны азайтуу жана каттоо тартибин автоматташтыруу. Учурда жалпы көлөмү 5 миллионду түзгөн тургундардын даректик баракчалары электрондоштурууга берилип, 1 миллион 360 баракчасы электрондоштурулду. Бул ишке өлкө боюнча 300 оператор катышып жатат, алардын ичинен 30у ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Кийинки жумадан баштап ишке дагы 300 оператор тартылат. Ошону менен жалпысынан 600 адам жумуш орду менен камсыз болот.

Даректик баракчалар электрондоштурулган соң Жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн архивдик материалдарынын кезеги келет. Ал документтердин саны 12 миллиондун тегерегинде. Мындан тышкары учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив кызматындагы өзгөчө баалуу документтерди электрондоштуруу иштери башталды.

Жылдын аягына чейин Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 16 миллион документти электрондоштуруу пландалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adilet2014
2016-02-12 12:00:24
Электрондоштуру бул эн жакшы, бирок жаман жагы да бар, ошого жараша козомолду кучотуу да керек, электрондоштурган сон кучтуу хакерлер атака жасашы мумкун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан