Балдарды жомоктор дүйнөсүнө алып кирген куурчактар (фоторепортаж)

Бүгүнкү күндө Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында жалпысынан 100гө чукул куурчак бар. Алардын эң эскиси 1979-жылга таандык. Аталган театрдын башкы режиссёру Жалил Мидиновдун айтымында, Советтер Союзу маалында спектакль ойнолуп бүткөн соң куурчактарды өрттөп жок кылып келишкен.

1985-жылы гана ар бир куурчактын өзүнүн тарыхы бар деп сактап башташкан. Биздин театр 1938-жылы ачылган, ошондон бери бардык куурчактарды сактап келгенде, элестеткиле, учурда биздин фонддо кандай гана экспонаттар болмок... Ал маалда бир спектаклге 24төн кем эмес куурчак катышчу. Учурда заманга жана бюджетке жараша 10дон кем эмес гана каарман бир спектаклди түзүп калат”,- дейт режиссёр.

Тилекке каршы, өткөн доордун 80-жылдарына таандык болгон куурчактар акырындык менен эскирип, ичиндеги поролондору чирип, майдаланып түшүүдө.

Эски куурчактардын көбүн реставрациядан өткөрүп, театрдын кире бериш жерине кичи музей сыяктуу кылып илип койгонбуз. Ар биринин астына кайсы жылкы жана кайсы спектаклде ойногону жазылган. Келечекте башка дагы эски куурчактардын баарын оңдоп-түзөп, атайын музей ачуу пландарыбыз бар”,- деди Мидинов.

Учурда жылына Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында төрткө жакын жаңы спектакль жазылып тартууланат. Алардын ар биринин баасы 150-200 миң сомдун тегерегин түзөт.

Бул сумманын ичине 10го жакын куурчактын, декорациянын жана жарыктардын баасы гана кирет. Мисалы, бир куурчак сапатына жараша 4 сомдон 300 долларга чейин бааланат. Биздин театрда бир спектакль өзүн үч эсе актайт, себеби биздин артисттер театрдан тышкары башка жерлерге чыгып да жомок көрсөтүшөт”,- деди Жалил Мидинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kasha03
2016-02-11 16:16:56
Сонун куурчартар экен. Театрга барбаганыма коп болду.
+1
kobra86
2016-02-11 23:22:31
бала чагым эсиме тушуп кетти. Куда кааласа балдарымды алып барып келебиз деп журом
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан