Өкмөт: Алдыдагы 3 жылда төө буурчактын баасы көтөрүлбөйт

Кыргыз мамлекетинде жакынкы 3 жылда төө буурчактын баасы жогорулабайт. Муну 11-февралда парламентте өкмөт өкүлдөрү билдиришип, дыйкандарды кызылча өстүрүүгө үндөштү. "Бир жылы Аргентинада төө буурчак болбой калып, бизде баасы көтөрүлүп кеткен. Бирок эми андай болору күмөн, дыйкандарга 3 жылга чейин төө буурчак өстүрбөй турууну сунуштап жатабыз. Төө буурчак биржанын товары да, баасын алдын ала айта албайбыз. Анын ордуна кызылча өстүрүү керек",- дешти өкмөт өкүлдөрү.

Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев дыйкандар өстүргөн товарларды сатып өткөрүүгө өкмөттөн чара көрүлүп жатканын айтты. "Быйыл жок дегенде миң гектар жерге кызылча өстүрүп көрүү керек. Кирешесин дыйкандар байкашсын, балким, кийинки жылы алардын көз карашы өзгөрөт. Төө буурчакты өкмөт сатып ала албайт, ага каржылык мүмкүнчүлүк жок",- деди Карашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан