Бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерден 374 миллион сомдон ашуун каражат кайтарылды

2016-жылдын январындагы бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерден 374 миллион 72 миң сом суммасында зайымдык каражаттар кайтарылды. Анын ичинен негизги карыз 258 миллион 96 миң сомду түзсө, пайыздар жана айып пулдар 115 миллион 76 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Болжолдуу көрсөткүчтөр валюталардын курстарынан, калкыма чендердин өлчөмүнөн, инфляциянын деңгээлинен түздөн-түз көз каранды жана карыздык милдеттенмелердин графиктерине ылайык, карыздарды кайтаруунун күтүлүп жаткан көлөмдөрүн эсепке алуу менен аныкталды. Ошону менен бирге республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин карыздарын кайра түзүмдөштүрүү тууралуу чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган учурда, жаңы кыска мөөнөттүү бюджеттик ссудалар берилген учурда же зайымчылар тарабынан карыздар мөөнөтүнөн мурда тындырылган учурда карыздарды тындыруунун болжолдуу көрсөткүчтөрү өзгөрүшү мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча мамлекеттик зайымдык каражаттардын кайтарылышын камсыздоону Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду ишке ашырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан