Парламентте 11-февралда спикер Асылбек Жээнбеков Социалдык фондго төлөмдү төмөндөтүү керектигин айтты. Жогорку Кеңештин төрагасы өкмөткө тапшырма берилип, чечим чыгаруу кечиктирилип жатканын белгиледи. "Маселе комитетте эки жолу каралган. Төлөмдөрдү азайтуу боюнча сунушка макул, бирок өкмөт негедир чечим чыгарууну кечиктирип жатат. Элдин арасындагы мындай нааразычылыкты жоюу керек",- деди Жээнбеков.
Белгилей кетсек, өлкө жарандары Социалдык фондго төлөмдөрдү жогорулаткан өкмөттүн аракетине нааразы. Жер-жерлерде бул боюнча митингдер өтүп, талаптар коюлууда. Кечээ, 10-февралда Аксы районунун Кара-Жыгач айылында 300дөй адамдын катышуусунда митинг өтүп, өкмөткө 10 күн мөөнөт берилди.