2016-жылдын бюджетинде айыл чарбаны каржылоо боюнча субсидияга 400 миллион сом каралган

2016-жылдын бюджетинде айыл чарбаны каржылоо боюнча субсидияга 400 миллион сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бул каражаттын 135 миллион сому «Айыл чарбаны каржылоо-3» долбоору боюнча субсидиялардын 2-траншын которууга жумшалат. Ал эми 265 миллион сому «Айыл чарбаны каржылоо-4» долбоору боюнча субсидиялардын 1-траншын которууга жумшалат. Бул каражаттар айылдык товар өндүрүүчүлөрдү 2,7 миллиард сом суммасындагы насыя менен камсыздайт.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына 2016-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Айыл чарбасын каржылоо-4” долбоору бекитилген.

Долбоордо коммерциялык банктар республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө төмөнкүдөй жеңилдетилген шарттарда насыялык каражаттарды берери каралган:

- пайыздык чени – жылына 10 пайыз;

- кайтаруу мөөнөтү – 3 жыл;

- карыздын негизги суммасын тындырууга жеңилдетилген мезгил – 6 айга чейин;

- жеке насыялар боюнча 100 миң сомго чейинки кредиттик каражаттар күрөөсүз негизде 12 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен берилиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nasyrkg
2016-02-11 23:31:02
Кридит бергенден башка эмне кылып жатасынар кайсы айыл чарба
0
murat_12
2016-02-11 23:57:59
бул каментарийлерди депутатар окуп койгондо жазасынарго биро жарым окуйбу деги
0
baxa-93
2016-02-12 01:25:51
Ал эч канча болбойтко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан