Жогорку Кеңеш жазгы талаа иштерине өкмөттүн даярдыгын талкуулап, токтом кабыл алды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 11-февралда жазгы талаа иштерине өкмөттүн даярдыгын угуп, токтом кабыл алды.

Премьер-министр Темир Сариев жазгы талаа иштерине даярдык көрүү маселеси өкмөт жыйынында каралып, өлкө аймактарында штабдар түзүлгөнүн, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилгенин билдирди. "Биз быйыл дыйкандар менен фермерлерге, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү тармагына жеңилдетилген насыяларды, айыл чарба техникаларын лизингге берүү чараларына басым жасоо чечимине келдик",- деди премьер.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурула баштаганын белгиледи. Анын айтымында, 2009-жылы жеңилдетилген насыяга 100 миллион сом бөлүнсө, азыр бул сумма 5 миллиард сомго жетти. "Өткөн жылы февралда дыйкандарга насыя берүү боюнча чечими жок болсо, быйыл январь айында чечим кабыл алып, февраль айынан баштап насыя берилип жатканын айтышууда. Насыялык ресурс 10 миллиардга жакындаса айыл чарбасы өнүгүп, бүгүнкү акыбалдан дагы жакшы болот”,- деди спикер.

Өкмөттүн маалыматы эске алынып, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Токтомдун аткарылышы боюнча 2016-жылдын 15-майында депутаттарга маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан