Өлкөдө бодо малды жасалма уруктандыруу үчүн 2016-жылга 31 айыл тандалып алынды. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 11-февралда парламент жыйынында билдирди.
Премьер 2015-жылы айыл чарбасында прогрессивдүү технологиялардын негизинде 4 моделдик долбоор иштелип чыкты: күнөсканаларды куруу, мал союучу пункттарды, логистикалык борборлорду ачуу жана тамчылатып сугарууну өндүрүшкө киргизүү. Республика боюнча 742 күнөскана курулса, быйыл 1000ден ашык күнөскана куруу пландалууда.
"Дыйкандар тапкан киреше өсүүдө. Мисалы, Кара-Суу районундагы 1 гектар күнөсканадан 5 миллион сомго чейин киреше алынып, анын 2,2 миллион сомдон ашыгы чыгым катары саналса, калганы таза киреше. Азыр күнөсканаларда көчөттөр да отургузулуп, сатылып жатат. Ал эми мал союучу пункттардын саны 10го жеткирилип, 3 ири логистикалык борбор куруу жана 1030 гектарга жайылтуу милдети коюлду",- деди Сариев.