Онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттыкты сактоо уюмдары бирдиктүү төлөө системине өтмөкчү

Жогорку Кеңеш 11-февралда “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карады.

Сунушталган мыйзам долбоорунун негиздемесине ылайык, каржынын жетишсиздиги калктын бекер дарыланышына кыйынчылык жаратып жатканы, калкты социалдык коргоо максатында формалдуу эмес төлөмдөрдү системдештирүү жана легалдаштыруу, саламаттыкты сактоо уюмдарында коррупцияга каршы күрөшүү, өкмөт онкологиялык жардамдарды көрсөтүүчү саламаттыкты сактоо уюмдарын бирдиктүү төлөө системине өткөрүү зарылдыгы белгиленген.

Долбоор аркылуу аракеттеги мыйзамдын 2-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "акысыз" деген сөздү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитүүчү тартипте" деген сөздөргө алмаштыруу жана аталган берененин 6-бөлүгүн "Зилдеме жаңы шишиктерден жапа чеккен адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган адамдарга шашылыш медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт" деген редакцияда берүү сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан