Москвадагы тигүү цехиндеги өрттө каза болгон маркумдардын төртөөсүнүн сөөгү туугандарына берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.
"30-январда Москва шаарындагы өрттө каза болгон калган 4 маркумдун сөөгү 12-февралда саат 01:50дө "Уральская авиалиния" авиакомпаниясынын У6-2909 авиакаттамы менен Москва шаарынан Ош шаарына алынып келинди. Маркумдардын сөөктөрүн алып кетүүгө туугандарына 2 Спринтер үлгүсүндөгү унаа жана ӨКМдан Нива үлгүсүндөгү унаа бөлүндү. Эртең менен саат 8де Баткен шаарына жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди",- дейт Абдишарип Бекилов.