Салык кодексиндеги жаңы өзгөрүүлөр салык төлөөчүлөр ортосундагы атаандаштыкты жогорулатат

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-декабрында кабыл алынган №235-жаңы мыйзамына ылайык, 2016-жылдын 1-январынан тартып кошумча нарк салыгы боюнча каттоо чеги 2 эсеге көбөйгөн – 4 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого жана аларды кыргыз өлкөсүнүн аймагынан тышкары сатууга төлөнүүчү сатуу салыгы жоюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул эле учурда 2016-жылдын 1-июлунан тартып кошумча нарк салынуучу же кошумча нарк салыгынан бошотулган, накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга карата сатуу салыгынын нөлдүк чени белгиленди, ошондой эле 1 пайыз өлчөмүндө – соода иши үчүн жана 2 пайыз - накталай формадагы башка иштер үчүн. Кошумча нарк салыгы салынбаган жана накталай формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу учурунда, сатуу салыгынын чени 2 пайыз өлчөмүндө соода иши үчүн жана 3 пайыз- башка иштер үчүн белгиленген. Сатуу салыгынын чени 2 пайыз өлчөмүндө – банк үчүн жана 5 пайыз уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иштер үчүн каралган. Сатуу салыгынын бул чендерди 2016-жылдын 1-июлунан кийин сатылган товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулат.

Мындан сырткары 2016-жылдын 1-июлунан тартып накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу учурунда салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системи боюнча бирдиктүү салыктын чени 2 эсеге төмөндөтүлөт. Тактап айтканда, эгер бүгүнкү күндө 4 пайыз жана 6 пайыз болсо, 2016-жылдын 1-июлунан тартып 2 жана 3 пайызды түзөт. 2018-жылдын 1-сентябрына чейин айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай мекемелери үчүн кошумча нарк салыгы жана пайда салыгы боюнча колдонуудагы жеңилдиктер ошол эле бойдон калат.

"Бул мыйзамдагы өзгөртүүлөр өлкөнүн салык системиндеги атаандаштыкты камсыз кылат жана ата мекендик салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзөт",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
boris8907
2016-02-12 13:23:11
Базарда соода кылгандарды кантип билет ким канча соода кылганын алардын чековый апараты жокда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан