Кээ бир 7-Апрель баатырлары күбөлүгүн өрттөп, орденин ыргытууга даярданышууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына “Айкөл Ала-Тоо” коомунун координатору, Апрель баатыры Каримжан Стамов билдирди. Анын айтымында, мындай кадам куудул Рахман Разыковдун баатырларга арналган ырына байланыштуу болууда.
“Күбөлүк өрттөп, орден ыргытууга кээ бир баатырлар даярданып жатканын уктум, бирок канча адам экенин айта албайм. Менин оюмча, Разыковдун ыры үчүн күбөлүк өрттөө - бул аша чапкандык. Ошол эле маалда Апрель баатырлары куудулдун ыры чын болсо уялып унчукпай калар беле, ким билет... Бирок Разыков аткарган интермедиясы үчүн кечиримди бизден эмес, элден сурап, катачылыгын моюнуна алышы керек”,- деди Стамов.
Ошондой эле Апрель баатырлары Рахман Разыковго жооп катары ыр жазышканын билдирип, анда "7-апрелде шейит кеткен 86 бала менен Ош окуяларын салыштырба" деген сыяктуу ойлор айтылганын айтты.