Бишкектин жаңы мэри 27-февралда шайланат

Бишкек шаарынын мэри 27-февралда шайланат. Бул тууралуу чечим бүгүн, 12-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 9-февралда мэр Кубанычбек Кулматов ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазган. Премьер-министр Кулматовдун арызын канааттандырган.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовду кабыл алып, жолугушууда шаарда акыркы эки жылда жасалган иштердин келечектүү экенин белгилеген. "Сиз таза иштедиңиз. Жарандардын арасында жүргүзүлгөн коомдук сурамжылоолор бишкектиктер мэрияга көбүрөөк ишене баштаганын көрсөттү",- деп билдирген президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан