Премьер-министр Темир Сариев Мамлекеттик камсыздоо компаниясында турак жайын камсыздандырды. Маалыматты бүгүн, 12-февралда өкмөттөн кабарлашты.
Өкмөт жетекчиси бардык Кыргыз Республикасынын жарандарын үйүн ар түрдүү кырсыктардан камсыздандырууга чакырып: "Келерки аптадан тарта бардык министрлик жана ведомстволордун жетекчилери турак жайларын камсыздандыра баштайт",- деп билдирди.
Белгилей кетсек, өлкөдө 2016-жылдын 11-февралында “Турак жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди. Камсыздоо тарифи шаарда 1200 сом, айылда 600 сомду түзөт.